Обложка канала

Башта. Страница 47

Оперативные и эксклюзивные новости Кыргызстана

  • Башта

    🇰🇿Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында саясий куугунтукка каршы акция өттү. 🇰🇿Акции против политических преследований прошли в городах Алматы и Нур-Султан РК. @bashtan_bashta
  • Башта

    📍Москванын четинде “Русский Мирдин” идеологу Александр Дугиндин кызынын унаасы жардырылып, ал ошол жерден каза болду. Александр Дугин "оңчул" көз караштардын публицисти, "русский мирдин" жана неоевразийстванын" идеологияларын - Орусия үстөмдүк кылуучу позицияны ээлеши керек болгон концепциялардын таратуучуларынын бири катары белгилүү. Анда Орусия кошуналарына карата басым кылуусу, аймагын Балкандан-Жакынкы чыгышка кеңейтүүсү жөнүндө айтылат. @bashtan_bashta
  • Башта

    📍Президент Садыр Жапаров санарип форматка өтүүнү каалабаган министрликтердин тизмесин жарыялап, аларга 1-сентябрга чейин убакыт берди. 📍Президент Садыр Жапаров опубликовал список министерств, не желающих переходить на цифровой формат, и дал им время до 1 сентября. @bashtan_bashta
  • Реклама

  • Башта

    📍Түндүк Кореянын армиясынын аскер дарыгерлери Ким Чен Ындын коронавируска каршы ийгиликтүү күрөшү үчүн мактаганына ыйлап жатышат. Диктатура деген ушундай. @bashtan_bashta
  • Башта

    📍Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандан белгисиз мөөнөткө чыгып кетет. Ал 20-августта эртең менен Түркияга учуп кетет. «Мени узатууну каалагандар аэропортко келишсин. Менимче, жакшы иштедик деп ойлойм», - деди ал. Akipress @bashtan_bashta
  • Башта

    📍Садыр Жапаров подписал указ, согласно которому Алымкадыр Бейшеналиев освобожден от должности министра здравоохранения. Теперь бывший министр возглавил детский реабилитационный центр «Алтын балалык». В отношении Бейшеналиева до этого было возбуждено уголовное дело, но дело прекращено "за отсутствием состава преступления". @bashtan_bashta
  • Башта

    Блогер Ырыс Жекшеналиев: Мени каматып аброй топтой алдыңарбы?! «Мамалай берет экен» - деген дакелерге 4 сап: Кагаз чаптап алышып баштарына, Каргыш чаптап алышып капталына, Туз сунуп, койлордой чурулдашат, Түз айткан Ырысбайдын айтканына. Мени каматып аброй топтой алдынарбы?! СИЗО-1; Жекшеналиев Ы. @bashtan_bashta
  • Башта

    ⁉️Митингдердеги кан төгүүлөр Борбор Азияда кадыресе көрүнүшпү? 2022-жылы Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандагы митингдерде 264 адам каза болгон. Эмне үчүн, бул өлүмдөрдөн кийин деле эч нерсе өзгөргөн жок? Биздин видеодон көрүңүз. https://www.youtube.com/watch?v=GlNi_DmJ5X4 @bashtan_bashta
    Митингдердеги кан төгүүлөр Борбор Азияда кадыресе көрүнүшпү?

    2022-жылы Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандагы митингдерде 264 адам каза болгон. Эмне үчүн, бул өлүмдөрдөн кийин деле эч нерсе өзгөргөн жок? Биздин видеодон көрүңүз.

    YouTube
  • Башта

    📍Ырыс Жекшеналиевди бошотуу, Курултайды мыйзамдуу өткөрүү, саясий куугунтукту токтотуу... Эмил Жураевдин Кыргызстандагы кырдаал боюнча пикирин бул жактан окуңуздар. @bashtan_bashta
  • Башта

    ✔️ Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орусия менен “дос мамлекеттерди” атады. Бурунди, Гвинея Республикасы, Камерун, Мали, Судан, Уганда, Чад, Эфиопия, Түштүк Африка Республикасы. ✔️ Министр обороны россии Сергей Шойгу назвал "дружественные страны" россии. Бурунди, Гвинейская Республика, Камерун, Мали, Судан, Уганда, Чад, Эфиопия, ЮАР. @bashtan_bashta
  • Башта

    ❗Коргоо министри Бактыбек Бекболотов: Куралдуу күчтөрдөгү болгон окуяларды Коргоо министрлигинин дарегине кошо берүү туура эмес. ⁉️Анан ким жооп бериши керек? @bashtan_bashta
  • Башта

    "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээлеринин бири курал-жарак жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалды - УКМК. Аны менен катар ок атуучу куралдардан, ок-дарылардан жана жардыргыч заттардан тышкары брондолгон аскердик унаа табылган. ⚡За незаконное хранение оружия и взрывчатки задержан совладелец «Умут и Ко», - ГКНБ. Помимо огнестрельного оружия, боеприпасов и взрывчатых устройств у него нашли бронированную разведывательно-дозорную машину. @bashtan_bashta
  • Башта

  • Башта

    ‼️Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Нарындагы Солтон-Сары алтын кениндеги 2019-жылы жергиликтүүлөрдүн нааразылыгынан кийин токтотулган Бучук тилкесин иштетүүгө уруксат берилди. @bashtan_bashta
  • Башта

    📍УКМК “Тазалык” ишканасына кылмыш ишин козгоду: ишкана “жок адамдарга” айлык төлөп келген. 📍ГКНБ возбудил уголовное дело по «Тазалыку»: В МП начисляли зарплату «мертвым душам». @bashtan_bashta
  • Реклама

  • Башта

    Камчыбек Ташиев Бишкекте УКМКнын дагы бир жаңы имаратын ачты. Оорукана кереги жок Германиядан эле дарыланат. 😉 @bashtan_bashta
  • Башта

    Саясат таануучу Эмиль Джураев курултай тууралуу пикирин билдирди. Ал президенттин курултай чакырганын баш мыйзамды аттап өтүү деп эсептейт. "Президент өзу кол койгон Элдик Курултай өткөрүү жарлыгы боюнча түшүндүрмө бериптир. Бирок, чынында, ал түшүндурмө деле эмес, жөн гана кыскача маалымдоо болуптур. 1. Биринчиден, Президенттин кыска убакытка да, бир эл жылга да антип өз жарлыгы аркылуу Баш Мыйзамда көрсөтүлгөн институтту чакырып өткөрүүсү мүмкүн эмес, мыйзамга ылайык. Баш мыйзамды аттап өтүү бул. 2. Курултайга катышуучуларды эл өзү шайлайт жерлерде дегени - татаал, талаштуу маселени бир ооз жөнөкөй сөз менен чечип койууда. Кичинекей уюм ичинде да шайлоо канчалаган талаш-тартышка бай. Так ошол шайлоо жоболорунун чийкелиги үчүн да мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес парламентте, а президент так ошону өз жарлыгы менен баары бир түртүүдө. Уландысы 👈 @bashtan_bashta
  • Башта

    Акыйкатчы институту саламаттыкты сактоо министринен Бишкектеги 4-төрөт үйүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароону талап кылды. Төрөт учурунда 29 жаштагы аялдын майып болуп калуусуна анын атасы дарыгерлерди күнөөлөгөн. @bashtan_bashta