⚡Саясат таануучу Эмиль Джураев курултай тууралуу пикирин билдирди. Ал президенттин курултай чакырганын баш мыйзамды аттап өтүү деп эсептейт.
"Президент өзу кол койгон Элдик Курултай өткөрүү жарлыгы боюнча түшүндүрмө бериптир. Бирок, чынында, ал түшүндурмө деле эмес, жөн гана кыскача маалымдоо болуптур.
1. Биринчиден, Президенттин кыска убакытка да, бир эл жылга да антип өз жарлыгы аркылуу Баш Мыйзамда көрсөтүлгөн институтту чакырып өткөрүүсү мүмкүн эмес, мыйзамга ылайык. Баш мыйзамды аттап өтүү бул.
2. Курултайга катышуучуларды эл өзү шайлайт жерлерде дегени - татаал, талаштуу маселени бир ооз жөнөкөй сөз менен чечип койууда. Кичинекей уюм ичинде да шайлоо канчалаган талаш-тартышка бай. Так ошол шайлоо жоболорунун чийкелиги үчүн да мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес парламентте, а президент так ошону өз жарлыгы менен баары бир түртүүдө.Уландысы 👈
@bashtan_bashta