7-8 ноябрь Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө.
1938-жылдын ноябрь айында сталиндик репрессияга дуушар болуп атууга кеткен Кыргызстандын 138 мамлекеттик-коомдук саясий ишмеринин сөөгү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылынан табылган. Сөөктөрдү казуу иштери 1991-жылы 12-июнда башталып, июль айында аяктаган.
Казуу иштеринин башында турган атайын кызматтын ардагери, тарыхчы Болот Абдрахманов бизде конокто болуп, Ата-Бейит комплексинин абалы, репрессияга дуушар болгондорго карата бүгүнкү муундун мамилеси тууралуу айтып берди.