Обложка канала

Башта

Оперативные и эксклюзивные новости Кыргызстана

Башта

4 года назад
Открыть в
Мындан ары Эгемендүүлүк майрамы жыл сайын ар-башка аймакта белгиленет. Бул тууралуу Садыр Жапаров өлкөнүн эгемендик күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө билдирди. "Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда, бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт. Албетте, 3000 жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик. Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык",-деди ал. @bashtan_bashta