Обложка канала

Башта

Оперативные и эксклюзивные новости Кыргызстана

Башта

4 года назад
Открыть в
‼️"Машинеде жатып, кезекте турабыз". Мигрантты мүшкүлгө салган каттоо. Орусияда эмгек мигранттарынын убактылуу каттоого туруу тартибин көзөмөлдөө күчөтүлгөнү айтылууда. Буга байланыштуу паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн Орусия менен Казакстандын чек араcында топтолуп, тыгын пайда болгон видео тасмалар социалдык тармактарга тарады. Мигранттардын өкүлдөрү каттоого туруу тартибин жеңилдетүү үчүн орус бийлиги менен сүйлөшүүнү өтүнүп, элчилик менен Тышкы иштер министрлигинен чечкиндүү кадамдарды талап кылып, президентке чейин кайрылышууда. Тышкы иштер министрлиги дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жоктугун айтып, "кирди-чыкты" эрежеси жашаган жеринен башка жакка жасалма каттоого тургандар үчүн экенин белгиледи. "Кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн казак чек арасына келип, жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган окуя коомчулукту нес кылды. Толугу менен 👈 @bashtan_bashta