ADD IMAGES Башта(@bashtan_bashta). ⚡Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды КР УКМК Жалал-Абад областык башкы башк
Обложка канала

Башта

Оперативные и эксклюзивные новости Кыргызстана

Башта

4 года назад
Открыть в
⚡Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды КР УКМК Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында, У.С.С. аттуу Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды. ✔️ Кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус орусиянын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган. 2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, каралган адам кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу КЖКнын N53- мекемесине камакка алынган. @bashtan_bashta