АКШ чалгынчылары: Орусиянын Украинадагы жоготуулары 75 миң аскерден ашышы мүмкүн.
Москва Украинаны басып алууга жөнөткөн күчтөрдүн жарымындайы же 75 миңден көп аскер мерт кетти же жарадар болду. Мындай маалымат менен шаршембиде америкалык конгрессмен, демократтардын өкүлү Элисса Слоткин CNN каналынын эфиринде бөлүштү. Мыйзам чыгаруучу анын алдында президент Жо Байден администрациясынын расмий өкүлдөрү менен купуя маалымат берилген жыйынга катышкан.
@bashtan_bashta