‼️Назира Айтбекова: НПО деп жаман көрөсүңөр го! Мага НПОлор , бекйөкмөт уюмдар эле байланышка чыгып, эмне көмөк керек деп жатышат! Психологун психологдой, юристин юристей беришип. Мамлекет мамыйган бойдон уктап жатат. Акыйкатчы Атыр эженин кыздары чыгып атат анан болду!
✔️ "18 кризистик борбор болсо өлкөдө ошонун 17 и бейөкмөттүкү , бирөө мамлекеттики экен! Жөн эле Батышчылдар, анан НПОлор деп оозуңарды кере кесир сүйлөйсүңөр го! Ошолор эле көйгөйүңөр мн алек! Канчадаган маселелерли көтөрүп келе жатат! Анан эле былжырайсыңар го көктөн түшүп аткансып! Бир дагы мамлекеттик орган мага чалып, кызматташалы деген жок! Силердин көйгөйүңөрдү көрөйүн деген көзү көчүктөрүндө!
📍Блогерлердин, жарандык коомдун иши эмес силердин көйгөй! Мамлекеттики! Мамлекет иштебесе, ошентип элди эл эле сүйрөйт экен айла жок. Эртеңки күнүңөрдү миң сомго сатып шайлоодо, афиристтерди шайлап, кайдагы кооз сүйлөгөндөргө фанат болуп, чыныгы уулдарыңарды, кыздарыңарды “Эл душманы” деп жүрө бергиле!"
@bashtan_bashta