Биз Кыргызстандын баардык булуң-бурчунан жаңы келген, иштеп жаткан жана болочок бизнесмендер үчүн «Digital Ishker» долбоорунун 2-чи жана акыркы кабыл алууну жарыялайбыз!
Биздин долбоор өз продукциясын интернет мейкиндигинде сатуунун заманбап ыкмаларын үйрөтүү аркылуу жергиликтүү бизнести колдоого багытталган.
Эгер сиз жаңы рынокко чыгуу, маркетингди өздөштүрүү, башкарууну үйрөнүү, кирешеңизди көбөйтүү, өлкөбүздүн мыкты адистеринен кеңеш алууну кааласаңыз, анда арызды толтурууга шашылыңыз!
Тандоонун негизги критерийлери:
📌 Бизнес чөйрөсүндө билим алууга жана өнүгүүгө болгон чоң каалоо;
📌 Багыттуулук, жигердүүлүк жана жоопкерчилик;
📌 Үй тапшырмасын аткарууга жана ийгиликтүү аяктоого даяр болуу.
Арыз берүүнүн акыркы күнү: 15-июль, 2022-жыл
Катышуу үчүн шилтеме:https://forms.gle/q3UP8jruWT42UFZHAБиздин Instagram: digital_ishker ( https://www.instagram.com/digital_ishker/ )
@bashtan_bashta