Орусиянын башкы муфтийи Талгат Тажуддин бүгүн 9-июлда Уфа шаарында Курман айтка карата сүйлөгөн сөзүндө Украинага каршы согушту ачык колдоп чыкты.
Ал согушту аягына чыгаруу керектигин айтып, коңшу өлкөнүн тургундарын улутчулдар жана неонацисттер деп атады. Донбасста Украина геноцид жүргүзүп жатканын айтып, бул үчүн Кошмо Штаттарды күнөөлөдү, Батышты ич күйдүлүккө айыптады.
@bashtan_bashta