Жалал-Абад облустук ИИБинин социалдык тармактарда тараган эки видео жөнүндө түшүндүрмөсү.
Видеолордун биринде Жалал-Абад мэриясынын имаратынын жанында кечинде бир кызды экинчи кыз катуу сабап жатканы тартылган. Ал эми экинчи тасмада аёосуз сабалган келиндин сөөгүнүн жанында ыйлап жаткан аялдар көрсөтүлгөн.
Облустук милициянын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев эки видео эки башка окуя экенин билдирди.
“Бул окуя ушул жылдын 7-июнь күнү Жалал-Абад шаарында болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу мушташып жаткан кыздардын тек-жайы аныкталып милицияга алынып келинген. Бирок бул эки кыз жакын курбу болгондуктан, жабырлануучу эч кимге арыз-доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Кийин тосмо арыз жазып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Ал эми экинчи чыккан видеодогу каза болгон кыздын айланасында ыйлап жатышкан окуя Сузакта болгон. Аялын күйөөсү уруп, кийин каза болуп калган. Күйөөсү убактылуу кармоочу жайда жатат”, - деди Жээнтаев.
@bashtan_bashta