ADD IMAGES Башта(@bashtan_bashta). ‼️“Баштан Башта” жарандык кыймылы Кыргызстандагы балдарга карата зордук-зомбулук көйгөйүнө тынчсызда
Обложка канала

Башта

Оперативные и эксклюзивные новости Кыргызстана

Башта

4 года назад
Открыть в
‼️“Баштан Башта” жарандык кыймылы Кыргызстандагы балдарга карата зордук-зомбулук көйгөйүнө тынчсызданып, баардык кайдыгер эмес жарандарды жарандык позициясын билдирип, тынч митингге катышууга чакырат. Митинг 8-июлда Свердлов райондук сотунун имаратынын алдында 13 жаштагы кызды эки укук коргоо кызматкери жана коопсуздук кызматкери (кароолчу) тарабынан “бир нече жолу зордуктоо” иши боюнча соттук териштирүү отуруму боло турган күнү өтөт. Маалым болгондой, сурак учурунда тергөөчүлөр кызга психологиялык басым көрсөтүшкөн. Бийликтен балдарга карата зордук-зомбулукка каршы тез арада чара көрүүнү талап кылабыз! 📌 Дата: 8-июль Саат: 15:00. Дареги: Свердлов райондук соту (Ибраимов көч., 64). @bashtan_bashta