БШКнын мурдагы төрагасы, Чүй облусунун мурдагы губернатору Туйгунаалы Абдраимов камактан бошотулуп, үй камагына чыгарылды.
УКМК Абдраимов өзүнүн «мыйзамсыз жоруктарын түшүнүп, жазасын жеңилдетүү максатында жасаган ишине өкүнүп», 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды) Ысык-Ата районунун балансына өткөрүп бергенин, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясына белгиленген 15 ,3 миллион сом зыяндын ордун толук толтурганын, ошондой эле Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан имаратын өз ыктыяры менен Кыргызстан профсоюздар федерациясы балансына өткөрүп бергенин билдирди.
❓Көп эле кусуптурбу же азбы?@bashtan_bashta