Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн Радуга пансионатынын пляжында болгон мушташтын чоо-жайын билдирди. «Окуянын 18 катышуучусу милицияга жеткирилген. Алардын көрсөтмөсүнө караганда, жаңжалдашкан тараптардын бири конокторду пансионаттын пляжында кабыл алган. Эс алуучулардын бири көлдүн жээгинде заара кылмакчы болгон. Муну байкаган коопсуздук кызматкери, жергиликтүү тургун ага каршы болгон. Тартип бузган адам эскертүүгө көңүл бурган эмес. Натыйжада аны менен коопсуздук кызматынын ортосунда оозеки чатак чыгып, ал мушташка айланып кеткен», - деп билдирди ИИБ.
@bashtan_bashta