🇹🇲 🚘 Түркмөнстанда аялдардын айдоочулук күбөлүгү алына баштады.
Түркмөнстандын Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарында Жол көзөмөл полициясы аял айдоочуларга карата текшерүүлөрүн күчөттү. Жол коопсуздугун камсыздоочу инспекторлор автоунаа айдап бараткан аялдарды токтотуп, ар кандай шылтоолор менен алардын айдоочулук күбөлүктөрүн алып жатат.
Март айында бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келгенден кийин түркмөн жарандарына, айрыкча аялдардын тышкы келбетине көзөмөл күчөдү. Жакында өлкөдө айрым косметикалык операцияларга, маселен, төштүн пластикасына же татуажга тыюу салынган. Көчөдө жасалма тырмак жана кирпик чаптап алгандарды кармоо учурлары көбөйгөнү кабарланууда.
🔺Эркин коомду курбасак биз деле ушуга барабыз.
Атазовдун сунушундай, сунуштан башталат.
@bashtan_bashta