"Жарыктык киши алжып калыптыр"
Садыр Жапаров Бекболот Талгарбековдун сөзүнө жооп берди"Өткөндө Талгарбеков кабыл алуума жазылыптыр. Аксакал кишини кабыл алып коеюн деп кабыл алдым. Жарыктык киши алжып калыптыр. Бир саат тынбай сандырак сөздөрдү сүйлөп убактымды алды. "Мени кеңешчи кылып ал. Анан мен айткан кишини Нарын облусуна губернатор кылып коюп бер. Мен Акаев мезгилинде биринчи этабын бүтүрүп койгон айыл чарба реформамдын экинчи этабын Нарын облусунан улантайын." дейт. Аксакал кишини капа кылбайын деп унчукпай ичимен күлүп тим болдум. Анын сөзү мага “Акаев мезгилинде аягына чейин талкалап жетишпей калган айыл чарбасын биротоло күм-жам кылайын” дегендей эле угулду. Сылык-сыпаа узатып койдум. Андан бери эки ай убакыт өттү", - дейт президент.
Толугу менен:https://www.azattyk.org/a/31891873.html?fbclid=IwAR1CmD0TFuFrbsqQp0o_nyzsgydn062eDELMIUtqOdYeZt24xxQLxMyeb_Q&fs=e&s=cl@bashtan_bashta