Камчыбек Ташиевдин устаты, эң жакын адамы Бекболот Талгарбековдун aryba.kg басылмасына берген маеги:
📍 Жапаров Садыр 31-август эгемендик күнү жалпы элге кайрылып «колуман келишинче аракетимди жасадым, эми өз ыктыярым менен отставкага кеттим» десе, анда бул тарыхый чечим болмок! Кыргыз элине, мамлекетине зор жакшылык жасамак!
📍 Президенттик шайлоо жарыяланганда. Шакиртим Камчыбек «мен Садыр досумду президент кылам» деди. Мен айттым, «абдан жаңыласың, аны оттон алып чокко салып жатасың» деп. «Эмне үчүн?» дейт. «Билим, тажрыйбасы жетишсиз, уят болосуңар» дегем.
📍Кыргыз элинде Октябрь төңкөрүшүнөн кийин «эми өнүгүү жолуна түшөбүз» деген зор үмүт жаралган. Эмне болду? Эки жылдан бери эч жылыш жок.
📍 Ташиев - Акылбек Жапаров, Бөлтүрүк, Ширшов сыяктуу адамдарды өзүнө жолотпойт болчу. Ошондой эле Кумтөр кени боюнча чыккынчылык келишим түздүрмөк эмес.
Толугу менен:aryba.kg/sayasat…azh.html@bashtan_bashta