Билим берүү министрлиги Пионерлердин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүнү тапшырган.
Министрликтин басма-сөз кызматы пионерлердин мааракесин белгилөө тууралуу буйрук «саясий же идеологиялык өңүттөрдү камтыбайт» жана советтик идеологияны жайылтууга багытталган эмес деп билдирди.
«Иш-чаралар көбүрөөк совет доорунда чоңойгон чоң ата, чоң энелерибизге арнап, алар ностальгияны сезиши үчүн. Бул идеяны мамлекеттик-катчы [Сүйүнбек Касмамбетов] колдоду. Буйрук милдеттүү түрдө аткарылбайт», - деп билдирди басма сөз кызматы.
@bashtan_bashta