Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүздүн Кызыл Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту өзүм билемдик менен коюлганын айтып, бул окуяны атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирди.
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кызыл Суу айылындагы мектепке 19-майда Владимир Ильич Лениндин бюсту коюлуп, ал шаан-шөкөт менен ачылган.
@bashtan_bashta