Обложка канала

Башта

Оперативные и эксклюзивные новости Кыргызстана

Башта

4 года назад
Открыть в
‼️Италиядагы Кыргызстандыктар бийликке талап коюп, кайрылуу жолдошту ⬇️ Еврозонадан евро которуу жана аны КР дан алуу системасын тез аранын ичинде тууралап чечип бергиле! Талап кылабыз! Банктар! Биз үйгө акча сала албай, салсак - аяктан жакындарыбыз ала албай убара болуп, өтө көп чыгым болуп жатабыз! Биз бияктан евро менен айлык алабыз! Эмне үчүн долларга алмаштырып туруп анан жибергиле деп, анан доллардын курсун өтө төмөн кылып туруп берип жатасыңар, банктар?! Долларыңарды бизге чаптабагыла! Европа боюнча Италиядан эң көп акча которуулар барат, он миңге жакын мекендештерибиз маңдай тери менен иштеп тапкан евронун ар бир чентезимин эсептеп, үйгө салганга аракет кылып жүрсөк, бизге туш тараптан тоскоолдуктар жаралып жатат. Беш мүнөттө жетчү акчаны эки жумалап ар кайсы банктын эшигин сагалап, үйдөгүлөр ала албай жүрүшөт. Үйдө төлөнчү кредиттер, ипотекалар бар, бала- бакыра, ата-энелерибиз ачка олтурушат! Банктарда кезек күтүүлөр да чегинен чыгып жатыптыр. Бияктагы акча жөнөткөн системалар дагы комиссия төлөмүн күндөн күнгө кымбаттатып, жон терибизди ого бетер сыйыра башташты. Тезинен бул көйгөйлөрдү чечип бергиле, банктар жана бийликтер!!! ИТАЛИЯ. КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ. 13/05/2022 @bashtan_bashta