Обложка канала

Башта

Оперативные и эксклюзивные новости Кыргызстана

Башта

4 года назад
Открыть в
Президент Садыр Жапаровдун Кумтөрдү кайтаруу боюнча сүйлөгөн сөзүнөн: 📌 Бүгүн биз Centerra Gold менен жаңы келишимге кол койдук. Президент Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүн жарыялады. 📌 2021-жылдын май айынан баштап бардык киреше Кыргызстанга түшөт. Бул болжол менен 323 миллион долларды түзөт. 📌 Канадалык компания Кыргызстанга үч квартал үчүн дивиденд төлөйт. Бул болжол менен 11 миллион доллар. 📌 Центерра Голд Кыргызстанга бир жолу 50 миллион доллар которот. 📌 Кен толугу менен Кыргызстандын көзөмөлүндө. Президенттин айтымында, бул республикага дагы 53 миллион долларга жакын киреше берет. Бул акча Лондондогу банктардын биринин трасттык эсебинде сакталып турган. 📌 Центерра Голд былтыр экспорттолбогон алтынды үчүн 29 миллион доллар төлөө дооматынан баш тартты. 📌 Центерра Голд АКШнын, Канаданын жана Швециянын сотторунда Кыргызстанга карата баардык дооматтарын токтотот. 📌 "Кыргызалтын" 29% акциясын кайтарып алат. 📌 Центерра Голд бул процедуралар үчүн баардык салыктарды жана төлөмдөрдү өз эсебинен төлөйт. 📌 Кыргызстан өз кезегинде канадалык инвесторлорго болгон баардык дооматтарын токтотот. кактус @bashtan_bashta