Элдик курултай: Кайсы аймактан канча киши мүчө болот?
Элдик курултайга ар бир айыл аймактан 1, 30 миңден ашык калкы бар шаарлардан 2, Ош шаарынан 10, Оштогу жаңы конуштардан 5, Бишкек шаарынан 20, Бишкектин жаңы конуштарынан 20, «Кыргыз эл биримдиги» коомунан 40, Кыргызстан эл ассамблеясынан 30, расмий катталган чыгармачыл союздардан 8, Кесиптик кошуундар федерациясынан 10, илимий тармактан 10, билим берүү тармагынан 10, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынан 20 адам мүчө болот. Бул тууралуу «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорунда жазылган.
марал@bashtan_bashta