Клара Сооронкуловага Фейсбуктагы билдирүүсүнөн улам жаңы айып коюлду.
"Ал билдирүү Ураимовду коргоо максатында "Камасаңар баарыбызды камагыла" деген аталыштагы флеш-моб акциясы алкагында жасалган. Ал дээрлик бир жыл мурда жарыяланган жана ошондо эле Улуттук коопсуздук комитети экспертиза баштаган, бирок иш козголгон эмес. Азыр эми Кемпир-Абад ишине байланыштуу эч нерсе таппай, бир жыл мурдагы билдирүүнү козгоп жатат",-деп адвокат Чынара Жакупбекова жазды.
Ички иштер министрлиги Сооронкулованын адвокатынын бул билдирүүсү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
azattyk
@bashtan_bashta