Обложка канала

Башта

Оперативные и эксклюзивные новости Кыргызстана

Башта

4 года назад
Открыть в
📍Өзбекстандан алынган жер семирткич пайдаланылбай калганы белгилүү болду. Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында быйыл жазында Өзбекстандан сатылып алынган жер семирткичтин пайдаланылбай калганына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Комитеттин төрагасы, депутат Аманкан Кенжебаев беш миң тонна жер семирткич жарым жылдан бери Материалдык резервдер фондуна сакталып турганын сынга алды. Ошондой эле, өкмөт жер семирткич сатып алуу үчүн Өзбекстанга которгон акчанын калганын алып келе албай жатканын билдирди. "Өзбекстанда азыр 733 миллион сом турат. Бул 9 миллион доллар болот. Акча жарым жылдан бери Өзбекстанда жатат. Жалпысынан 20 миң тонна жер семирткичке акча которгонбуз. Болгону 233 миллион сомго Өзбекстандан беш миң тонна жер семирткич келген. Жер семирткичти сактоо мөөнөтү жарым жыл. Селитра Өзбекстандан 3-апрель күнү алынып келиптир, мына жетинчи айга кетти, 233 миллион сом эми жок болду. Бул эмне мамлекетке чыккынчылыкпы, же каршылыкпы? Эмне үчүн буга чейин каралган эмес? Ошону кармап турбай баасын түшүрүп сатсак болбойт беле?" - деди Кенжебаев. azattyk @bashtan_bashta