23-октябрдан бери кыргыз бийлиги “массалык баш аламандыкка даярданган” деген айып менен 24 адамды камакка алды. Алардын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, таңкы саат 5ке чейин созулган сот аларды эки айга СИЗОго камады. Москвада эки активист кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлдү.
Кыргызстандын бийлиги активисттердин аракетин бийликти кулатууга даярдык катары баалады. Ал эми эл аралык укук коргоо уюмдары муну сөз эркиндигине кысым катары баалашууда.
Биз сиздер үчүн камалгандардын кыскача өмүр баянын жана Кемпир-Абад боюнча цитаталарын топтодук.
@bashtan_bashta