❓"Азаттыктын" сайтын VPN аркылуу кантип ачса болот?
VPN - бул виртуалдык жеке түйүн. VPN колдонуучуга жеке маалыматын жана кайда турганын, серверге кайдан кошулганын жашырууга жол берет. Дүйнөдө интернет коопсуздугунан улам VPN түйүндөрүнүн популярдуулугу артып баратат.
Көптөгөн: жөнөкөй, татаал, бекер, акы төлөгөн, кымбат жана арзан VPN-сервистер бар.
Орусия сыяктуу маалымат алууну чектеген өлкөлөрдө VPN-сервистерди бөгөттөшөт. Айрым авторитардык өкмөттөр интернет трафикти көзөмөлдөө үчүн өздөрүнүн VPN-түйүндөрүн сунуштайт.
Биз ишенген акысыз VPN-сервистер менен бөлүшөбүз:
📍NThlink:
s3.us-west-1.amazonaws.com/dwo-jar…oad.html
📍Psiphon: https://psiphon.ca/ru/download.html
📍Lantern: https://getlantern.org/ru_RU/index.html
📍Orbot: https://orbot.app/
Бул VPN-сервисттер америкалык коммерциялык эмес, бейөкмөт уюм- Ачык технологиялык фонду (Open Technology Fund) тарабынан түзүлүп, “сөз эркиндигин жайылтып, цензура жанан репресивдүү аракеттерди айланып өтүп, адам укуктарын жана ачык коомду колдоону” көздөйт.
@bashtan_bashta